Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

АКШ Вашингтон менен Исламабаддын кызматташтыгы зыян тартпайт деп эсептейт


АКШ Пакистанда өкмөттүк коалициянын бузулушунан Вашингтон менен Исламабаддын террорго каршы согуштагы кызматташтыгына зыян тийет деп эсептебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Роберт Вуд билдирди. Ал Пакистандагы азыркы саясий башаламандыкты өлкөнүн "ички иши" катары мүнөздөдү. Пакистандын мурдагы премьер- министри Навази Шариф анын партиясы башкаруучу коалициядан чыкканын кечээ жарыялаган эле. Навази Шарифтин билдиргенине караганда, алар мындай кадамына бийликтеги башкы партия- Пакистан Элдик партиясы кезинде мурдагы президент Первез Мушараф иштен бошоткон сотторду кайра кызматка коюу боюнча мурда жетишилген макулдашуунун өз учурунда орундабаганы жана президенттике талапкер катары бейтарап адамды алып чыгууга көнбөгөнү себеп болду.

XS
SM
MD
LG