Гезиттин баш редактору Чолпон Орозобекованын адвокаты Нина Зотованын билдиргенине караганда, мамлекеттик мекемелердин биринин “Де-фактодон” 1 млн. сом өндүрүүнү сураган арызын сот канагаттандырды. Ушуну менен “Дефактого” сот жүктөгөн доонун өлчөмү 4 млн. сомго жетти. Биринчи 1 млн. сомду сот президент Курманбек Бакиевдин жакын тууганынын арызынын негизинде таккан. Калган 3 млн. сом доого Замира Молдоеванын атынан гезитке жарыяланган кайрылуу негиз берди. Кайрылууда Салык жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин жетекчилеринин бири коррупциялык аракеттерди калкалай тургандыгы тууралуу жазылган. Ушул эле кайрылуу боюнча жалган маалымат тараткан деген негиз менен “Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобековага каршы кылмыш иши козголгон. Анын негизинде жакынкы күндөрү сот башталаары күтүлүүдө. (BuS)