Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Орусиянын кечээ көз карандысыздыгын тааныган Абхазия менен Түштүк Осетияда "этникалык тазалоону" улантып жатканы үчүн айыптады. Саакашвили Би-Би-Сиге берген итервьюсунда белгилегендей, Орусия Грузиянын бул жикчил аймактарынан калган грузиндерди "сүрүп чыгарууда" , кыштактарды "талкалап, тоноп" жатат, "өлтүрүүлөр менен зордуктоолор" орун алууда.
Мурдараак Саакашвили Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны таануусун Грузия аймагын аннекциялап алуу аракети, толугу менен мыйзамсыз жана укуктук негизи жок деп атаган.
Мурдараак Саакашвили Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны таануусун Грузия аймагын аннекциялап алуу аракети, толугу менен мыйзамсыз жана укуктук негизи жок деп атаган.