Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

10:30 Атуулдук уюмдар жергиликтүү кеңешке шайлоо тууралуу маалымат берүүнү колго алат


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Клара Кабилова менен атуулдук уюмдардын бирикмесинин өкүлдөрү жолукканда маалым болду. “Менин тандоомдун мезгили” аттуу долбоордун алкагында жарандык уюмдар шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, өлкө боюнча отуз беш пилоттук түйүндөрдө он миң нускадагы маалымдамалар таратылмакчы. БШКдан билдиришкендей, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын, шайлоо чөлкөмдөрдүн өкүлдөрү жана журналисттер үчүн аймактарга иш сапарлар уюштурулуп турат. Кыргызстанда шаардык жана жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо 5-октябрда өтөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG