Бул тууралуу Травматология жана ортопедия боюнча Улуттук Борбордун башкы дарыгери Рамис Үсөнбеков бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, айтымында учурда ооруканада беш киши дарыланууда. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор. Үчөөсү туруктуу оор абалда жатышат. Аларды дарылоо уланууда. Негизинен кан, плазма куюлууда. Күйүктөн жабыркаган организмдер үчүн бул өтө зарыл, деп белгиледи Үсөнбеков. 24-августа аба кырсыгынан жабыркаган ирандыктар кечээ күну ооруканадан чыгарылып, мекенине кайтты. Ал эми дарыланууну улантып жаткан беш киши кыргыз атуулдары.(AiT)