Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

15:40 БГУдагы Конфуций институту жаңы студенттерди кабыл алууга даяр


2008-окуу жылында Бишкек гуманитардык университетиндеги аталган институт жалпысынан эки жүздөй студентке билим бермекчи. Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей институтка тапшырууну каалагандар бул сандан беш эсе көп болгон. Учурда дүйнөнүн жетимиштей өлкөсүндө эки жүз алтымышка чукул Конфуций институттары ачылган. Анда негизинен кытай тили,маданияты жана дүйнө таанымы окутулат. Кытайдын бул долбоору 2002-жылы кабыл алынган “Кытай тил көпүрөсү” аттуу мамлекеттик программанын алкагында ишке ашууда. Кыргызстанда Конфуций институту былтыр ШКУнун саммитинде кытай төрагасы Ху Цзиньтаонун иш сапары маалында ачылган.(EBM)

XS
SM
MD
LG