Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

17:15 Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнүн башчысын коргоо комитети түзүлдү


Айыл өкмөтүнүн имаратына чогулган адамдар менен айыл кеңеш депутаттары райондук бийликтин буйругуна нааразылык билдирип, аны четке кагышты. Бүгүн райакимдин орунбасары баштаган жетекчилер Акман айыл өкмөтүнүн башчысы Амирбек Атакуловду кызматтан алып, ордуна башка адамды дайындоо тууралуу акимдин буйругун эмгек жамаатына окуп беришкен. Атакулов жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мыйзамына ылайык айыл өкмөт башчысын жумуштан бошотууга айыл кеңештин сессиясы укуктуу экендигин айтып, буйруктун мыйзамдуулугун тактоо үчүн сотко кайрылды. Аким Айтмамат Осмонов «Атакулов 26-августта болгон райондук коллегиянын чечими менен кызматтан алынган. Ага облустун губернатору менен прокурорунун сунушу себеп болду» деп айтты. (YA)

XS
SM
MD
LG