Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:58

17:40 "Чыгыш электр" акционердик коомунун Нарын филиалынын жалпы дебитордук карызы 348 млн. сом болду


2008-жылдын жыл башынан бери жети ай аралыгында “Чыгыш электр” акционердик коомунун Нарын филиалы аркылуу 388,8 млн.киловатт саат электр энергия алынган. Алынган энергиянын 32 пайызы коромжуга учураганы катталган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда коромжулук Жумгал районунда -15,8 пайыз Ат-Башы, Кочкор райондорунда – 14,8 пайызга көбөйгөн. Мындай маалыматты Нарын облустук акимчилигинин бөлүм башчысы Рысбек Шалтаев билдирди. Анын айтымында филиалдык дебитордук карызы август айына карата 348 млн. сомго чыкса, анын 304 млн. сому элдин карызы болуп саналат. (KUs)

XS
SM
MD
LG