Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Батыш өлкөлөрү Орусиянын Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныган чечимине кандай жооп кайтарышты ойлонуп жатышат


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бул чечим БУУнун Коопсуздук Кеңешинен өтпөйт деп белгилеп, дүйнө коомчулугу Түштүк Осетия менен Абхазияны Грузиянын мамлекеттик чегинин алкагында гана тааный берерин билдирди. Президент Буш Москвага кайрылып айткан сөзүндө Грузиянын жикчил аймактарынын көз каранды эместигин таанууну жоопкерчиликсиз чечим деп атап, аны кайра карап чыгууну өтүндү. Шейшембиде Орусия Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместигин тааныган чечим кабыл алган. Келээрки дүйшөмбүдө Европа Биримдиги өзүнүн чукул жыйынын өткөрүп, ушул маселени талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG