Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

8:39 Ч. Орозобекова: “Де-Факто” гезити Жаныш Бакиевдин уулунан кечирим сурабайт


Гезиттин баш редактору Чолпон Орозобекова “Азаттыкка” ушинтип билдирди. Анын айтымында, сот аткаруучулар Асылбек Салиевден эл алдында кечирим суроону жана 1 млн. сом төлөөнү талап кылып, сот чечими аткарылбаган шартта кылмыш иши козголорун эскертишкен. Биринчи май райондук соту Салиевдин доо арызынын негизинде “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерине 1 млн. сомдон айып салган. Буга алар жарыялаган адам өмүрүн алган автокырсыкка президент Бакиевдин жакын тууганынын тиешеси болуш ыктымалдыгы жөнүндөгү гезиттик материал негиз берген. Сот чечимин аткарган жок деген негиз менен “Алиби” гезитине каршы кылмыш иши козголгондугу кечээ маалымдалды. Ал эми “Дефакто” гезитине жалпысынан абийир, ар-намысын коргоо максатын коздөгөн төрт доо арыздын негизинде сот 4 миллион сом айып салды. Ошондой эле Бишкек шаардык прокуратура гезиттин баш редакторуна жалган маалымат таратты деп, кылмыш козгогон.(BuS)

XS
SM
MD
LG