Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:00

14:23 АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси жума күнү Кыргызстанга келет


Бул тууралуу кыргыз бийлигинен кабарлашып, жаңы элчи Татьяна Гфеллер-Волкова сентябрь айынын башында президентке ишеним грамотасын тапшырарын белгилешти. АКШнын мурунку элчиси Мари Йованович мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргызстандан кеткен. Учурда ал АКШнын Армениядагы элчилик кызматына киришүүдө. Татьяна Гфеллер-Волкова буга чейин АКШнын Санкт-Петербургадагы башкы консулунун орун басары кызматын аткарып келген. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен жаңы элчинин жакынкы күндөрү келерин тастыкташып, бирок так убактысын атоодон баш тартышты.(AiT)

 

XS
SM
MD
LG