Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

19:10 Жумгал районундагы мектептерди оңдоо иштерине акча каражаттары мыйзамсыз берилген


Мындай маалыматты Нарын облустук акимчилигинин башкы адиси Ысак Орозалиев облакимчиликтин коллегия жыйынында билдирди. Жумгал районундагы Лама айылындагы, Чоң-Дөбө айылындагы Тынаалы атындагы, Чаек айылындагы Ногойбаев атындагы орто мектептерде жаңы окуу жылына карата оңдоо жумуштары сапатсыз бүткөрүлгөндүгү аныкталган. «Жумгал районунда республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттар мектеп жетекчилерине мыйзамсыз негизде накталай түрдө берилип жиберилген», - дейт Ысак Орозалиев. Үстүбүздөгү жылы Жумгал районунун мектептеринин кезектеги оңдоо иштери үчүн республикалык бюджеттен 942,7 миң сом бөлүнүп берилген. (КUs)

XS
SM
MD
LG