Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

19:20 Нарын облусу бүгүнкү күнгө көмүр менен 5 пайызга камсыз болгон


Мындай маалыматты 28-августа облус губернаторунун биринчи орун басары Мирадил Бакашев “Азаттыкка” билдирди. Анын себеби өкмөт апрель айында Кара-Кече мамлекеттик акционердик коомун түзүү боюнча токтом кабыл алган. Бирок акча каражаттын жоктугунан ал ишке ашпай калган. Натыйжада Кара-Кечеде көмүр казган Беш-Сары, Ак- Жол, Шарбон, Демилге фирмалары көмүрдүн үстүн тазалоо иштерин жүргүзгөн эмес.
Облуска жалпы 44 638 тонна көмүр пландалганы менен дагы 6 миң. тоннага чукул көмүр керектелет. Ал эми учурда тартылган көмүрдүн 105 тоннасы сапатсыз деп кайра артка кайтарылган. Буларга карабастан бюджеттик мекемелер көмүр менен камсыз кылынаарын Бакашев кошумчалады. (JI)

XS
SM
MD
LG