Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Сенатор Барак Обама АКШда Демократиялык партиянын атынан президентикке талапкер катары расмий түрдө сунушталды


Демократтар тарыхта биринчи жолу афроамерикалык ишмерди президентикке талапкер кылып сунушташты. Барак Обаманы колдоп добуш берүүгө америкалыктарды сенатор Хиллари Клинтон менен анын жубайы, мурдагы президент Билл Клинтон дагы үндөп чыкты. Талапкерлер үчүн шайлоо тизмесине Хиллари Клинтон менен Барак Обама киргизилген, бирок Клинтон айым бул эрежени аткарууну токтотуп, Обаманы демократтардын бирдиктүү талапкери кылып көтөрүү аркылуу партиянын ички ынтымагын тастыктоону сунуштады. Обама өзүнүн президенттикке талапкер катары аттанууга макулдук берчү сөзүн Мартин Лютер Кингдин айтылуу «Менин кыялымдагы ойлор» аттуу сөзүнүн 45 жылдыгы менен дал келген бүгүнкү бейшемби түнү сүйлөгөн жатат.

XS
SM
MD
LG