Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

19:40 Эгемендүүлүк күнүндө Кадам Жай шаарчасында үч муундун баатырларына арналган эстелик комплекси ачылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кадам Жай поселкалык өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Машырапов 28-август күнү маалымдады. Эстелик комплекси Улуу Ата Мекендик, Ооган жана Баткен согуштарында баатырларча курман болгондордун урматына багышталат. Эстеликтин көрүнүшү Коргоо министрлигинен берилген МТЛ аскерий техникасынан, эскерме тактадан жана “Жоокерлерге даңк” деген сөз жазылып Кадам Жай шаарчасындагы Металлург маданий үйүнүн жанына берилген. Бул комплексти тургузуу демилгеси үч муундун согуш ардагерлери тарабынан көтөрүлүп, каражат райондун элинен жана жергиликтүү согуш катышуучуларынан топтолгон. Эскерүү комплексинин курулушу боюнча Баткен согушунун катышуучусу Кудурет Акбалаевдин айтуусунда, комплекс курулуп баштаганда жергиликтүү бийлик тарабынан эстеликтин ордуна байланышкан бут тосуулар болгон. Сүйлөшүүлөрдөн кийин маселе ардагерлер жагына чечилген. Үч муундун баатырларына арналган ачылуу аземи 31-август Эгемендүүлүк күнү болмокчу. (SA)

XS
SM
MD
LG