Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

19:50 Токмоктогу аскердик бөлүктөгү ок атышуудан үч киши өлүп, бирөө жарадар болгон


Бул туурасында Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Окуя бүгүн эртең менен Токмоктогу 52806 аскердик бөлүктө катталган. Эртең мененки 9:30 чамасында катардагы кызмат өтөп жаткан жоокер Дастан Тажиев Калашников автоматы менен ефрейтор Мирлан Эрнис уулун атып өлтүргөн. Ошондой эле катардагы эки жоокер дагы атылган октон жараат алышкан. Андан соң Дастан Тажиев өзүн өзү атып салган. Октон жараат алгандар алгач Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген, бирок түштөн кийин алардын бири Илгиз Темирбековдын каза болгону айтылды. Учурда Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы аталган окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Азырынча тергөө-иликтөө иштери жүрүп окуянын так себептери айтыла элек. (JJ)

XS
SM
MD
LG