Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

11:45 Эл аралык уюмдар “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу укугу” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилгенине тынчсызданышууда


ЕККУ жана Европалык Кеңештин Венециалы комиссиясы Кыргызстанда “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу укугу” тууралуу мыйзамга демократиянын жоболоруна туура келбеген өзгөртүү киргизилген, деп эсептешет. Мындан тышкары жакында эле КР мамлекет башчысы кол койгон мыйзам мурдагысына караганда демократиядан бир топ чегинип кеткен, деп айтылат аталган уюмдар биргелешип жүргүзгөн иликтөөнүн корутундусунда. Жогорку Кеңеш төрагасынын суроосу менен жүргүзүлгөн иликтөөдө жарандардын тынч, куралсыз чогулуу эркиндигин чектеген мыйзам парламент тарабынан кайра каралууга тийиштиги белгиленген. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG