Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

14:50 Казакстандан Бишкекке 100 миң тонна көмүр апкелинет


Мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча шаардыктар арзан баадагы сапаттуу көмүр менен камсыз болушмакчы. Мэр Нариман Түлеев Казакстандын “Кара-Жага” кенинен чыккан 100 миң тонна көмүр Бишкекке сентябрь-октябрь айларында ташылып келерин билдирген. Буга байланыштуу келишим казак тарап менен түзүлгөнүн белгилеген мэр Казакстандан көмүр ташып келүүгө жүк ташуучу вагондордун жетишсиздиги да себеп болуп жаткандыгын билдирди. Анын айтуусунда бул маселени чечүү үчүн сентябрь айында Бишкек шаарынын жетекчилиги Орусиянын темир жолдор ишканасы менен жүк ташуучу вагондорду ижарага алуу тууралуу сүйлөшүү болмокчу. “Кара-Жага” кенинен чыккан көмүр сапаты жагынан Шабыркүл көмүрүнөн калышпайт жана тоннасы шаардыктарга 2 500 сомдон сатылат, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.
Ушул тапта Бишкекте Казакстандын Караганды, Шабыркүл кендеринен чыккан көмүрдүн тоннасы 3 000-3 500 сомдун айланасында, ал эми Кара-Кеченин көмүрү 4 500 сомдон 5000 сомго чейин сатылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG