Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

14:55 “Ак арча” Жаштар департаментинин жетекчисин сынга алган жаштарды колдойт


Бул тууралуу аталган коомдук бирикменин бүгүн президент администрациясына жолдонгон катында айтылат. Анда Жаштар иши боюнча мамлекеттик департаменттин жетекчиси Айдар Жоробеков президенттин “Ак жол” партиясынын ачык колдоп, Казакстан менен Кыргызстандагы бийликтеги партиялардын жаштарынын бирикмесин түзүү демилгеси менен бир катар мыйзамдарды бузуп жатканы баса белгиленген. Өлкө жаштарынын башын бириктиргиси келбеген, жаштар саясатын жетиштүү деңгээлде жүргүзө албаган Жоробековдун иш-аракеттери өлкө башчынын мамлекеттик кызмат орунда туруп партиялык ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салган жардыгына да каршы келет, деп көрсөтүлгөн. Бул жаатта чечкиндүү кадам көрүүнү өтүнүшкөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG