Өкмөттүк басма сөз кызматынын маалымдаганы боюнча акыркы үч күн ичинде Республикалык кан борборуна кан тапшырууну каалаган 300дөн ашуун киши кайрылган. 24-августтагы авиакырсыктан жабыркагандарга кан куюу зарылчылыгынан улам кан муктаждыгы курч маселе болуп жаткандыгын белгилеген Республикалык кан борбору жарандарды донор болууга чакырууда.(ZKo)