АКШнын элчисинин өкүлү Алехандро Вольф БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кечээки жыйынында бир мамлекеттин экинчи мамлекетти күч колдоном деп опуза кылышы БУУнун жобосун бузгандык деп Орусиянын аракеттерин сынга алып сүйлөдү. Орусиянын өкүлү Виталий Чуркин өз кезегинде Кошмо Штаттарды эки жүздүү деп айыптап, 2003-жылы АКШ жетектеген коалиция Иракка басып киргенин эскертти. Орусия Грузияга ушул айдын башында Тбилисинин Түштүк Осетияны кайра көзөмөлгө алуу үчүн аскердик өнөктүгүн токтотуу үчүн басып кирген.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Грузиядагы кризисти талкуулоо маалында АКШ менен Орусиянын өкүлдөрү кагыша кетишти