Путин Си-Эн-ЭН сыналгы компаниясына берген маегинде согуш болгон аймакта америкалыктардын бар болгондугу аны ушундай деп айтууга жүйөлүү негиз бергенин билдирген. Путиндин айтымында, АКШда кимдир бирөөө шайлоого бараткан талапкерлердин бирөөнө артыкчылык түзүү үчүн Кавказдагы жаңжалды уюштурган шекилдүү. Вашингтондо Ак үйдүн басма сөз өкүлү Дана Пэрино Путиндин шектенүүлөрүн акылга сыйбаган доо катары четке какты.
Путин Грузия менен Орусиянын ортосундагы куралдуу кагылышты АКШ ички саясий себептер менен жасаган деген жоромолун айтты