Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Барак Обама АКШ президенттигине талапкер катары ат салышууга макулдугун расмий түрдө билдирди


Шаршембиде Денверде болгон курултайында демократтар аны президентикке партиянын атынан бирдиктүү талапкер кылып көтөргөн. Кечээ түнү Денвердеги 80 миңден ашуун киши жыйылган стадиондо чыгып сүйлөгөн сөзүндө Барак Обама өзүнүн жактоочуларына ортоңку тапка колдоо көрсөтүүнү, улуттук коопсуздукту камсыз кылууну убада кылды. Барак Обама 4-ноябрдагы шайлоодо атаандашы Жон Маккейндин жеңиши менен Буштун үчүнчү мөөнөтүнүн эч айырмасы жок болорун баса белгиледи. Барак Обама АКШнын тарыхында ири саясий партия президентикке талапкер катары көрсөткөн алгачкы афроамерикалык саясатчы.
Айтмакчы, Обаманын негизги атаандашы боло турган республикачыл сенатор Жон МакКейн өзү менен тандем түзүп, вице-президенттикке талапкердигин коюуга макулдук берген саясатчынын ысымын бүгүн (жума күнү) кечинде жарыялаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG