Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Тбилиси Москва менен дипломатиялык мамилелерди үзүү жөнүндө чечимге келди


Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Григол Вашадзе бүгүн Орусия Грузиянын эки жикчил аймагын көз каранды эмес мамлекет катары тааныган үчүн Тбилиси ушундай чечимге барып жатканын билдирди. Буга чейин Грузиянын парламенти Орусия менен дипломатиялык мамилелерди токтотуу жөнүндө өкмөттүн чечимин колдоп берген. Грузиянын премьер-министри Ладо Гургенидзе орустардын Грузиядагы тынчтык сактоо боюнча операциялары аягына чыккандыгы жөнүндө токтомго кол койду.

XS
SM
MD
LG