Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

10:30 Нурлан Сулайманов: Учак жерге кулап түшкөнгө чейин толук оң болгон


Мындай маалыматты транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда авиакырсыктын себептерин иликтеген мамлекеттер аралык көз карандысыз комиссия ишин аяктап калды. Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча учак жерге түшкөн учурга чейин толук оң болгон, деп көрсөтүүдө. Бул авиакырсык учкучтардын катачылыгы менен болгон, деген божомолдордун келип чыгышына себеп болууда, дейт министр.
24-августта кечинде “Манас” эл аралык аба майданына жакын жерде Бишкек-Тегеран каттамындагы учак кырсыкка учурап, 65 киши каза болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG