Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

11:00 Түрк тилдүү элдердин муниципалдык биримдигинин делегациясы Бишкекке келет


ТИМ маалыматы боюнча делегация “Элдик дипломатиянын келечеги” деп аталган долбоордун алкагында 3-сентябрда келет. Түрк тилдүү элдердин муниципалдык биримдигинин өкүлдөрү менен бирге Түркия парламентинин депутаттары, ишкерлер жана журналисттер келишмекчи. Делегация мүчөлөрү ЖК төрагасы, Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депутаттары, мэрлери менен жолугушуп, түрк тилдүү элдердин соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгын күчөтүү тууралуу сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө. Мындан тышкары балдар үйлөрүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга кайрымдуулук жардамдарын беришет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG