Борбор калаадагы Эски аянтта уюштурулган айыл-чарба азык-түлүктөрүнүн жармаңкесине негизинен Чүй облусунун 50дөн ашуун фермердик чарбалары өстүрүп, алган түшүмдөрү менен катышты. Өкмөт башчы жармаңке учурунда ар бир чарба мүчөлөрү менен жолугушуп, алардын суроо-талап-сунуштарын укту. Игорь Чудинов айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн эң биринчи дыйкандарга колдоо көрсөтүү зарылчылыгын белгилеп, базарларда арзан жана сапаттуу азык-түлүктөрдү сатууга дыйкандарга мүмкүнчүлүк берүүгө убада кылды.
Өкмөт башчы ошондой эле бүгүн Сокулук районунун Пригородное айылында болуп, муниципалдык базардын ачылышына катышты.(ZKo)
Өкмөт башчы ошондой эле бүгүн Сокулук районунун Пригородное айылында болуп, муниципалдык базардын ачылышына катышты.(ZKo)