Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

17:45 Түштүктө жаш саясатчылар форуму өз ишин баштайт


Октябрь айынан тарта түштүктө жаш саясатчылар форуму өз ишин баштайт. Бул тууралуу Оштогу «Прогресс» жаштар уюмунун төрагасы Эрнис Толтоев «Азаттык+»ка кабарлады. Жаш саясатчылар форумуна Оштогу жаштар уюмдары, партиялардын жаш канаттарынын өкүлдөрү, журналисттер, ЖОЖдордун жаштар комитеттеринин төрагалары жана акыйкатчылары мүчө болуп кире алышат. Бул демилгени шаардагы көптөгөн жаштар колдоорун билдиришти дейт, Эрнис Толтоев. Жаш саясатчы Абдувахаб Мониев өлкөдөгү ар кандай маанилүү саясий иш-чараларда түштүк жаштары эч кандай үн кошо албай, бир топ пассивдүүлүгүн көрсөтүп келе жатканын белгиледи. Анын пикиринде борбордо түзүлгөн жаш саясатчылар форуму эч бир жакшы натыйжага жетише албай, эч кандай коомдук пикир жараткан жок. Серепчилердин баамында, эгерде түштүк жаштары аталган форумду мыкты уюштура алышса борбордогу ар кандай саясий маселелерди талкууолодо өз таасирин тийгизүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.(JA EK)

XS
SM
MD
LG