Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

ГРУЗИЯ: АХАЛГОРИ ШААРЫ КАНТИП “ЛЕНИНГОРИ” БОЛУП ӨЗГӨРДҮ?


Грузиядагы орус-грузин аскерлердин кагылышуулары аяктаганы менен Түштүк Осетия жана ага жакын кыштактарда жашаган элет тургундары үчүн балаанын бардыгы жаңыдан эле башталып жаткан шекилдүү. Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги жума күнү (29-августта) тараткан маалыматка ылайык, Грузиянын ичкерик аймагында жана анын жикчил аймагы болгон Түштүк Осетиянын административдик чек арасынын жанында жашагандар куралчан осетин топторунун кол салуусунан улам өздөрү жашаган шаар-кыштактардан качууга мажбур болууда. Мындай шаарлардын бири – Ахалгори. Бул шаарда бир нече ондогон жылдар бою осетиндер менен грузиндер ынтымакта жашап келген. Жакында болгон орус-грузин согушу жана анын карапайым кишилерге тийген кесепеттери тууралуу Ахалгори шаар тургундары Эркин Европа/Азаттык үналгысынын грузин кызматынын кабарчысына өз пикирлерин айтышкан.

Түштүк Осетиянын түштүк өңүрүндө Ксани дарыясынын боюнда жайгашкан Ахалгори - тынч шаар болчу. Ал акыркы жылдары Түштүк Осетияда орун алган дүрбөлөңдүү окуялардан обочодо калып келген.

Совет доорунда мурдагы Түштүк Осетия автономдук районунун бир бөлүгү болгон бул шаарды ошол кездерде “Ленингори” деп аташчу. 1990-жылдардын башында Түштүк Осетиянын калган бөлүгү иш жүзүндө Грузиядан бөлүнүп калган чакта, бул шаар Грузиянын көзөмөлүндө кала берген.

Бул шаарда көп жылдар бою осетиндер менен грузиндер ынтымакта эриш-аркак жашап келген. Мурда Ахалгори шаарында эч ким “сен грузинсиң, сен осетинсиң” деп бири-бирине акаарат айтып бөлүнгөн эмес.

Мына эми бул жагдай кескин алмашты. Август айынын башында Орусия менен Грузиянын согуштук жаңжалы учурунда көп деле жабыркабаган шаарда башка көйгөйлөр пайда болду. Ахалгори шаарынын тургуну, өз атын атагысы келбеген бир аялдын айткандарын уксак:

- Биз чиркөөдө болчубуз. Менин жанымда кичинекей балам бар эле. Ошол күнү түш оогон соң коңшу Каспи шаарындагы цемент заводуна бомбалар түшө баштады. Андан соң түнү бою бомбалар ташталып жатты. Айлана-тегерек жүрөктүн үшүн алган ызы-чууга батты. Биз бардыгыбыз үйдө коркуп, полго жатып алдык. Кандай гана болбосун, биз эптеп аман калдык.

Кийинки күнү эртең менен Ахалгоринин тургундары орусиялык жоокерлер Орчосани кыштагына жакындап калганын угушту. Бул кыштактан Ахалгориге жөө-жалаңдап бир эле саатта жетип келсе болот.

Дагы бир күндөн кийин дүрмөттөлгөн унаалар Ахалгори шаарынын кире беришине келишти. Орусиялык жоокерлер Грузиянын байрактарын ыргытып, Орусиянын үч түстүү туусуна алмаштырышты. Бирок шаарга кирип барган алгачкы жоокерлер орустар эмес, орусиялык унааларды айдап, орусиялык курал-жарактар менен жүргөн осетин жикчил күчтөрү болду. Осетин жоочулары Грузиянын куралдуу күчтөрүн шаардан сүрүп чыгарып, толук көзөмөлдү өздөрүнө алышып, жергиликтүү тургундарды кызматташууга чакырышты. Алардан соң көп узабай Орусиянын куралдуу күчтөрү шаарга кирип келди.

22-августта Орусия Грузиянын аймагынан көпчүлүк жоокерлерин чыгарып кетти. Бирок орусиялык жоокерлер кетери менен өзгөчө оор куралданган осетиндердин жоочулары шаарга улам көптөп кирди. Ахалгори шаар тургуну бул согушчандарды мындайча сүрөттөйт:

- Ахалгориде болжол менен 150 чакты согушчан бар. Аларда гранаталар, автоматтар бар, өздөрү болсо октон калканч боло турган кийимдерди кийишкен. Кээси каска кийип алган. Алардын негизги өргүү жайы жаныбыздагы кыштактардын биринде орус аскерлеринин базасына аралаш жайгашкан дешет. Ал жакта аялдардын кечилканасы (монастыры) бар. Бүгүн мен бул жоочулар айрым кишилер жашырынып алган деп шектенип, үймөктөлгөн чөптөргө от коюшканын уктум. Алар ар күнү улам бир кылмыштын артынан экинчисин жасоодо.

Ахалгори шаарынын тургундарын тынчсыздандырган дагы бир окуя болууда. Шаардын атын атабаган дагы бир тургуну буларды айтат:

- Алар бизге орус паспортторун сунушташты жана тынч жашоону кааласаңар, баш көтөрбөй акырын тургула дешти. Эгерде биз орусиялык паспортторду алсак, анда биз алардын атуулдары болуп калмак болчубуз да.

Москванын Түштүк Осетиянын башка жайларында өз таасирин арттыруу үчүн атайын жүргүзгөн көп жылдык өнөктүгүнүн алкагында орусиялык паспорттордун берилип жатышынын сырын бул аймактын көпчүлүк жашоочулары жакшы түшүнөт. Буга чейин Ахалгориде мындай көрүнүштөр болгон эмес. Бирок, анын тургундарынын айтымында, орусиялык паспорт алгандар жакшы маяна төлөгөн иштерге орношо алат, ал эми паспорттон баш тарткандар эч нерсе кылбаса дагы шаардан куулуп жиберилиши ыктымал.

Паспорт берүү өнөктүгү күтүүсүз эле Түштүк Осетиянын айлана-тегерегин, чек аранын жанындагы облусту дагы камтып, ушул тапта Грузиянын ичкерки аймагына чейин кеңейе баштады. Мындай аракеттерди Батыш өлкөлөрү кескин сынга алууда. 27-августта Британиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөп, анда орусиялык паспортторду алуудан баш тарткан кыштактардын тургундары көчүрүлүү коркунучунда калганын айтты.

26-августта Орусия Грузиянын жикчил эки аймагы Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин бир тараптуу расмий тааныган. Ахалгори шаарынын бир тургуну кыска кабар жөнөтүп, “келгиндер Ахалгориде аймактын эгемендүүлүгүн майрамдап жатышат, ок атышуулар болсо басайган жок” деп билдирген. Байыркы Ахалгори шаарын эми келгиндер күтүүсүз эле кайрадан Ленингори деп атай башташты.

XS
SM
MD
LG