Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча быйылкы жаңы окуу жылына карата 3619 мугалим жетишпейт. Негизинен чет тил, математика, физика жана информатика сабактарынын окутуучулары аз болууда. 72 миңден ашуун мугалимдин 11%дан ашууну 60 жаштан ашкандар, ал эми 65% 45 жаштан өтүп калган мугалимдер. Быйылкы жаңы окуу жылында 96 397 бала 1-класска кирет. Кыргыз өкмөтү быйыл 1-4 класстын окуучуларынын бир күндүк тамагы үчүн жети сомдон каражат бөлүү тууралуу жардык чыгарган.(ZKo)