Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

18:05 Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери полковник Анвар Алиевдин өлүмүнө шектүү деп кармалды


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Шавкат Жунусов Ички иштер министрлигинин баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Анвар Алиевдин өлүмүнө шектүү деп кармалып, кечээ Бишкекке жөнөтүлдү. Бул туурасында Жунусовдун атасы Жусуп Жунусов «Азаттыкка» бүгүн кабарлап, уулуна кысым көрсөтүлүп жаткандыктан, эки жүз чакты жактоочулары менен тергөөнү прокуратурага же Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүп берүүнү талап кылып Ош облус губернаторуна, Ички иштер министринин Түштүк боюнча орун басарына кайрылып, облустук акимчиликтин алдында алардан жооп күтүп отурушкандыгын кошумчалады.
Ички иштер министринин Түштүк аймагы боюнча орун басары Жеңиш Жакыпов Ш.Жунусовдун кармалышы тууралуу пикирин билдирүүдөн баш тартты.
Эскерте кетчү нерсе, ушул жылдын 4-август түнү саат он бирге жакын Ички иштер министрлигинин баңги соодасына каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Анвар Алиев Бишкектеги үйүнүн жанынан белгисиз бирөөнүн аткан огунан каза болгон. (ATo)

XS
SM
MD
LG