Кремлдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, анда президенттер Абхазия менен Түштүк Осетиядагы коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжалуу чаралары жөнүндө кеңеш курушкан. Саркози ошондой эле Польшанын премьер-министри Доналд Туск менен дагы сүйлөшүп, Евробиримдиктин жогорку деңгээлдеги жыйынында Франциянын сунуштарын колдоого алууну өтүнгөн.
Евробиримдиктин саммити алдында орус жана француз президенттери Грузиядагы кырдаал боюнча сүйлөштү