Бул америкалык аскерлер Ирактын өзүнүн көзөмөлүнө өткөрө турган 11-дубан болуп саналат. Анбар Иракка АКШ аскерлери киргенден кийин аларга каршы согушкан суннит арабдардын ордосу болгон. Бирок 2006-жылы сүнниттер жамаатынын лидерлери АльКаидага каршы АКШ аскерлери менен бириккенден кийин бул жакта кырдаал жакшыра баштаган. Анбарда болжол менен коопсуздукту камсыз кылууга 25 миң америкалык аскер тартылган.