31-августта өлкөнүн эгемендүүлүгүнө арналып өткөрүлгөн “Айтыш” сынагы жыйынтыкталып, баш байге 100 миң сом төкмө акын Майрам Керим кызына жана казактын төкмө акыны Рүстөм Каратай уулуна ыйгарылды. Ал эми биринчи орун 50 миң сом байге кыргыздын жаш төкмөсү Аалы Туткучовго жана казактын акын кызы Канышай Раисовага берилди. Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу быйылкы “Айтыш” сынагынын байге куржуну 500 миң сом болгонун, келерки жылы айтышка президенттик байгенин көлөмү 1 млн. сомго жетерин билдирди. (AJ)