Кыргызстандын эегемендүүлүгүнүн 17 жылдыгына байланыштуу маданий иш-чаралар “Ордо Сахна” ырчылар тобунун катышуусунда Давос жана Женева шаарларында өттү. Анда конокторго кыргыздын улуттук тамак-аштары, Кыргызстан тууралуу кеңири баяндаган китепчелер тартууланды. Кыргызстандын Швейцариядагы элчилиги уюштурган иш-чарага жалпысынан сегиз жүздөй адам катышты .(AiJu)