Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

16:50 Адахан Мадумаров өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырды


28-августта Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров Шайлоо Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык өз ыктыяры боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгынан бошотуу тууралуу аразын берген. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Авланбек Жумабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында,29-августта “Ак жол” партиясынын тизмесинде турган Жолдошбек Жакыпов парламенттин депутаттыгына талапкер болуп катталган. “Бүгүн БШКнын отурумунда Жакыповго депутаттык мандат берилди деген маалымат бар,”-дейт Жумабаев. Буга чейин Жолдошбек Жакыпов Нарын облусу боюнча “Ак жол” партиясынын координатору болуп иштеп келген. (AJ)

XS
SM
MD
LG