Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

17:35 Эртең “Асаба” улуттук партиясы жергиликтүү кеңешке өз талапкерлеринин тизмесин тактайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген аталган партиянын лидери Советбек Жамалдиновдун айтымында, 5-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге жана шаардык кеңешке шайлоо боюнча депутаттыкка талапкерлерди көргөзүү боюнча жер жерлерде, аймактарда “Асаба” партиясынын конференциялары өтүүдө. “Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына шаардын окуругдары боюнча партиянын он беш талапкери көрсөтүлдү. Муну менен катар “Асаба” партиясынын мүчөлөрү дагы такталууда”,- дейт төрага. Мурдагы маалыматтарга караганда “Асаба” улуттук партиясынын 18 миңден ашуун мүчөсү бар экендиги айтылып келген. (AJ)

XS
SM
MD
LG