Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

ЖАРЫК «ЖАЛП» ӨЧТҮ


Окуу жылынын башталышы менен электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүгө айрым өзгөрүүлөр киргизилгенин “Түндүкэлектр” акционердик коомунун маалымат кызматы жарыя кылды. Мындан ары агартуу мекемелеринде окуу учурунда электр жарыгы өчүрүлбөйт. Өкмөт электр жарыгын өчүрүүнү кыш киргенче уланта тургандыгын ырастоодо.

Кыргызстандын Айыл, суу чарба, кайра иштетүү министрлигинин Суу чарба департаментинин жетекчиси Баратали Кошматовдун ырасташынча, быйылкыдай
кургакчылык беш жылга чейин созулушу ыктымал.

- Гидрология боюнча суунун тартыштыгы 3 жылдан 5 жылга чейин созулушу мүмкүн. Быйыл суу аз болду, булактардын көбү кургап калды. Суу чарба кызматтарынын берген маалыматтарына караганда дарыяларда чынында эле суу аз.

Токтогул суу сактагычында быйыл жылдагыдан суу аз экендигин эскертип, өкмөт электр энергиясын азайтуу, аны колдон келишинче үнөмдөө зарылдыгын кыш чыккандан бери эле айтып келатат. Тек, Өзбекстан менен Казакстан талааларына сугат суу арбыныраак агызыла баштаган чакта электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү токтотулган болчу. Коңшуларга сууну Кыргызстан биротоло токтотуп кое албастыгын республиканын Өнөр жай, энергетика отунсуу ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков мындайча түшүндүргөн.

- Тилекке каршы, чындыкка тике караш керек. Биз жөн эле сууну бууп, агызбай коё албайбыз. Себеп дегенде, агызылган суунун 80% Кыргызстан керектөөсүнө жетерлик электр энергиясын иштеп чыгууга кетет. Кээде “сууну токтотуп, коңшуларга эч нерсе бербейбиз” дегендик чын-чынына келгенде Чапаевчесинен алды-артын карабай чаап кетүүнү гана түшүндүрөт.

Электр энергиясын беш-алты сааттап өчүрүп коюунун натыйжасында Кыргызстан быйылкы жылга белгилеген экономикалык өнүгүү ыраатына жете албастыгы, негизи экономикалык турмуш энергетикалык кризистин айынан “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” менен баратканы эч кимге жашыруун деле эмес. Ошондон жалгыз өкмөттү эмес жаамы журтту ойлонтуп жаткан орчун маселе ушу тапта келерки кыштан кантип чыгабыз суроосу болууда.

Белгилүү энергетик Жамалбек Түлөбердиев Кыргызстан кыштан кыйналбай чыгышы үчүн жылуулук электр станцияларын иштетиши керек деген пикирде.

- Мынабул ТЭЦти иштетиш керек. 700 миллион кубаттуулугу бар. Ошондо элди кыйнабай чыгып кетишке мүмкүнчүлүк бар. Жалаң эле өчүрүп коюу - aл да керек. Мына Ош ТЭЦи эки жылдан бери токтоп турат. Бишкек ТЭЦи болсо 11-15% иштеп жатат. Буларды иштетиш керек. Башка айла жок.

Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика отун-суу ресурстары министрлигинин статс- катчысы Батыркул Баетовдун ырасташынча, ушу тапта кышкыга сууну арбын топтоо аракети көрүлүүдө.

- Мына бизде онго жакындап баратабыз. Тогуз жарымдан ашты, тогуз жарым болду. Онго жакындап жатабыз. Анан ошондон 6,5 миллиарддан төмөн түшкөнгө болбойт деп жатабыз. Ошондо эсептейли, 3,5 – 4 милллиард кубометр сууну кышында пайдалана алабыз. Андан ашыкты жок кыла албайбыз. Ошол жарык бергенге жетип жатпайбы.

Кыш келгенге чейин электр энергиясын үнөмдөө, кышка суу топтоо түйшүгү уланмакчы. Жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды киргизмейин Кыргызстан жакынкы жылдары кыйын кырдаалга туш келерин айрым адистер кыйладан бери эле айтып келатышкан. Бирок да “жакынкы жылдары” антип алеки саатта кирип келери, суу энергиясына бай Кыргызстан менен Тажикстан минтип оор кризиске кабыларын эч ким болжогон эмес.

XS
SM
MD
LG