Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

12:05 Ош ОИИБ кызматкери Шавкат Жунусовдун жактоочулары нааразылык акциясын улантышууда


Элүүгө чукул адам Ош облусундагы Ички иштер министринин Түштүк аймагы боюнча орун басарынын кеңсээсинин жанына келишип, Шавкат Жунусовго укук коргоо органдары тарабынан кысым көрсөтпөөнү жана адилеттүүлүктү талап кылышууда. Жунусовдун жакын туугандарынын бири Талип Токуровдун айтымында, 1-сентябрда Бишкектеги Свердлов райондук соту Шавкат Жунусовду эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Бул тууралуу Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаев "Азаттыкка" билдирди. Эскерте кетүүчү жагдай, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Шавкат Жунусов Ички иштер министрлигинин баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Анвар Алиевдин өлүмүнө шектүү деп кармалып, 30-августта Бишкекке жөнөтүлгөн. А.Алиевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кампасынан жоголгон баңги заттарга байланыштуу козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерди иликтөө боюнча башкармалыгы иликтөөдө. Жогорудагы эки кылмыш ишин иликтөө башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин жана ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жеке көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG