Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:28

12: 20 Авиакырсыктан каза болгон жарандардын генетикалык мүнөздөмөсүнүн жыйынтыгы эртең анык болот


Учурда Иранда лабораторияда каза болгон элүү тогуз адамдын ДНКсы иликтенүүдө. Кыргызстандык он адамдын сөөгүн аныктоо үчүн алардын туугандарынын канынын үлгүсү жөнөтүлгөн. Сөөктү аныктоого Иран медицина кызматкерлери менен бирге кыргызстандык адис Калия Касымбекова да катышууда. Кыргыз өкмөтүнүн билдиришинче К. Касымбекова күн сайын кыргыз бийлигин иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымдап турат. 24-август түнү Бишкектен Тегеранды көздөй учуп бараткан учак кыйрап алтымыш беш адам каза тапкан, бир нечеси жаракат алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG