Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына билдирген Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков ушул аралыкта канадалык “Центерра голд.инк” компаниясынын өкүлдөрү менен бир эле жолу жолугушуу болгондугун кошумчалады. Ал ошондой эле мурдагы премьер-министр Алмаз Атамбаевдин өкмөтү менен “Центерра.голд” компаниясынын эки тараптуу келишими менен Исабековдун депутат Алишер Сабиров экөө биргелешип Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтаруу боюнча жазган долбоорун Жогорку Кеңештин сентябрдагы кароосуна койгонуна таңкалганын жашырган жок. К. Исабеков жакында Белоруссияга барып алардын жогорку окуу жайларына Кыргызстандыктарды окутуу жана Германия менен Италияда Кыргызстандын эмгек мигранттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин, Италияда консулдук ачыларын кошумчалады. Спикердин орун басары Италиянын миграция боюнча кызматы Кыргызстандыктарга бир миң орун бере тургандыгын белгиледи. (AJ)