Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

16:55 Балбандар Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев “Даңк” медалы менен сыйланышты


Бүгүн президент Курманбек Бакиевдин жарлыгына ылайык Дене тарбия жана спорт жагындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн “Даңк” медалы менен грек-рим күрөшү боюнча Бээжин олимпиадасында күмүш байгеге татыктуу болгон Канатбек Бегалиев менен грек-рим күрөшү боюнча Бээжин олипиадасында коло медалды жеңип алган Руслан Түмөнбаев сыйланышты. Ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, республикада чебер спортчуларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн Кыргызстандын курама командаларын Олимпиадага даярдоо борборунун грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Эмил Алыкулов, Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов, Свердлов райондук олимпиадалык резервдин балдар-өспүрүмдөрдүн адистештирилген спорттук мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу Амеркул Молдабаев дагы “Даңк” медалы менен сыйланышты. Ал эми Талас шаарынын өспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу Уразбек Шаршекеев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. (AJ)

XS
SM
MD
LG