Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

18:05 Ош: нааразылык акциясынын катышуучуларынын тобу Бишкекке келди


Милициянын полковниги Анвар Алиевдин өлүмүнө жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кампасынан жоголгон ири көлөмдөгү маңзатка шектелген ички иштер кызматкерлеринин 250 чакты тарапкери жогорку бийлик менен сүйлөшүү үчүн Бишкекке өкүлүн жөнөттү.
Оштогу нааразычылык акциясынын катышуучусу Талип Токуровдун билдирүүсүнө караганда, жогорудагы окуяга шектелип жаткандардын бири, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маңзатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шавкат Жунусовду кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук соту эки ай убактылуу жайга кармоого санкция берди. Мындан тышкары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын дагы эки кызматкери кылмышка тиешеси бар деп учурда Бишкекте кармалууда. Кармалган милиция кызматкерлеринин таламын коргоо максатында алардын ата-энесинен, туугандарынан турган топ Президенттин, Жогорку Кеңештин өкүлдөр менен жолугушуу үчүн бүгүн Бишкекке жөнөп кетти.
Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Жеңиш Жакыпов кылмыш ишин тергөө Баш прокуратурага өткөрүлүп берилгендигин, нааразылык акциясынын катышуучуларынын талабы мыйзамсыз экендигин, эгерде алар мындай аракеттерин уланта беришсе, чара көрүшөөрүн билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG