Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Орусиянын тышкы иштер министри Түркияда жүрөт


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркияга Грузия кризиси жана эки ортодогу соода талаштары боюнча сүйлөшүү өткөрүү үчүн келди. Орусия жакында Түркиядан импорттолуп жаткан товарларды текшерүүнү күчөткөн эле. Түркия муну алар Грузиянын көздөй америкалык аскерий кемелерди өткөргөнүнү үчүн Орусиянын жооп чарасы катары кароодо. Узакка созулган текшерүүлөрдөн улам Орусиянын чек ара бекеттерине Түркиянын жүк тартуучу жүздөгөн автоунаалары жыйналып калган.
Тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Али Бабажан ошондой эле Түркиянын Орусия менен Грузия ортосундагы жакынкы согуштан кийин Кавказ чөлкөмүн стабилдештирүү планын да талкуулайт. Бул багытта иштөөчү регионалдык топко Орусия менен Түркиядан тышкары Грузия, Азербайжан, Армения кириши керек.

XS
SM
MD
LG