Орусия Еврошаркеттин өнөктөштүк жөнүндөгү жаңы келишим боюнча Москва менен сүйлөшүүлөрдү токтотуу жөнүндөгү чечимине "өкүнүч" билдирди. Анткен менен орус тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө кээ бир өлкөлөрдөн Орусияга санкция киргизүү чакырыктары айтылганын белгилөө менен Еврошаркетти буга "жоопкерчиликтүү мамиле жасаганы" үчүн кубаттады.
Кечээ Брюсселдеги саммитте Еврошаркеттин лидерлери Орусия аскерлерин Грузия менен жаңжаал башталган 7-августка чейинки турумдарына алып кетмейинче аны менен өнөктөштүк келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотууну макулдашкан. Еврошаркет лидерлери ошондой эле Орусияны Грузиянын жикчил чөлкөмдөрү Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныганын айыпташты.
Грузия жана АКШ Еврошаркеттин саммитинин чечимдери кубатташты. Шаркеттин учурдагы төрагасы Франциянын президенти Николя Саркози Орусия жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөрүү үчүн келерки аптада Москвага келгени жатат.