Бул маалымат Ооганстандын өкмөттүк комиссиясы келтирген маалыматтан такыр башкача чыгууда. Өкмөттүк комиссия Герат вилайетинде Азизабад кыштагында 22-августта аба соккуларынан өлгөн 90 адамдын көбү карапайым тургундар, асыресе балдар болгон деп билдирген. БУУ өкмөттү колдоого алып, карапайым тургундар набыт болгон согуштук операцияларды айыптады.