Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:27

ИШКЕРЛЕР КЫРГЫЗСТАНДАН КЕТЕ БАШТАДЫБЫ?


“Электрэнергиясына чектөөлөрдү киргизүү менен жарыкты өчүрө берүү Кыргызстандын экономикасын бүлгүнгө учуратышы мүмкүн. Мындай олуттуу кадамдарга барардан мурда анын өлкө экономиксына алып келе турган зыяндарын эсептеп чыгуу керек болучу. Өлкө өндүрүшүнүн өзөгүн да дал ошол үч фазадагы энергия кубаты менен иштеп келген майда жана чакан өндүрүш жайлары түзүүчү. Мунун залалынан жарым жылдан кийин биз эми экономикасыз калабыз. Бүгүн анын эсебин алган да, алайын деген да жан жок” деп айтты белгилүү аналитик Валентин Богатырев жаңы жарык көргөн “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезитине курган аңгемесинде.

Богатыревдун ою боюнча Токтогул ГЭСин эле карап олтура бербестен энергия өндүрүп ала турган бөлөк объектилердин да кубаттуулугун көтөрүүнүн аракетин көрүү керек эле. Маселен Бишкек ТЭЦи... Тилеккке каршы бул тууралуу ойлогон адам болгон жок. “Эми катардагы карапайым жарандар кандай кылышы керек?” деген суроого анализчи Богатырев ар бир жаран жарыкты минтип өчүргөндүк мыйзамсыз экендигин жакшылап билиши керектигин, мамлекеттик мекемелерде олтурган аткаминерлерге эл менен минтип каалагандай мазекке чеге берүүгө болбой тургундагын түшүнтүү зарылдыгын, өткөндө парламент электрэнергиясын товар катары баалап, аны уурдагандарды кылмыш жазасына чейин тарта турган мыйзам кабыл алып бергенин, эгер чын эле мыйзамдагыдай энергия товар болсо, анда элди ошол товар менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга убада берип, келишим түзүп, бирок убадасын аткарбаган товар ээси- энергокомпанияны да кылмыш жоопкерчилигине тартууга туура келерин, жок эле дегенде элге алып келген материалдык зыяндын ордун толтуруп берүүсүн айтуу менен бүгүн бардыгы биригиши зарылдыгын, акыры какшаган суук келип, нан жетпей калган кезде жарандык коом менен оппозиция башын көтөрөрүн белгиледи.

“Фергана.ру” маалымат агенттиги ошентип буга дейре убада кылынгандай жарыкты өчүрмөй башталганын, эми тигүү цехиндегилер менен тейлөө станциялары мындан ары кантип иш кылуунун башкача жолун ойлонуулары керектигин, маселен ушунун айынан Кыргызстанда түстүү жана кара металл эритип иштеп келген кытайлык ишкерлер жабдууларын жыйнап алып өлкөдөн чыгып кеткенин маалымдады.

Көмүрдүн сапатынын начардыгына байланыштуу акыркы жылдары Кыргызстандын айыл-кыштактарынын дээрлик көбү электр жылыткычтарына өткөн. Анын үстүнө көмүргө караганда электр энергиясы экологиялык жактан таза да, арзан да эле. Мына ушунтип баяндаган “24.kg” маалымат агенттиги Аламүдүн жана Лебединовка айыл тургундары үч фазаны кыркууга келген электриктерди жакын жолотпой койгонун, мындай окуялар бүгүн Чүй дубанынын башка айлдарында да орун алып жатканын кабарлады. Ошентип мыкты ишкерлер жарыкты өчүрө баштагандан тартып, Кыргызстанда мындан ары ишкерлик кылуунун келечеги жоктугун көрүп, өз өндүрүштөрүн Казакстан менен Кытайга көчүрүп кете баштады, кете албагандары ишин токтотту деп билдирди.

Ал эми Кыргызстандын энергетика жана отун ресурстар министри С. Балкыбеков энерготармактагы бул абал 2010-жылдарга чейин оңолуп кетеринен үмүт кыларын билдиргенин кабарлаган маалымат агенттиги, ал ортодо Кудайдан башка эч кимден үмүт кылбаган ишкерлер өндүрүштөрү өксүп калбас үчүн Кыргызстандан чыгып кетип жатканын жазды.
XS
SM
MD
LG