Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

9:48 Ө.Текебаев: Оппозициялык күчтөр бир максаттын алдына баш кошо алат


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы мындай пикирин бүгүн “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Ө.Текебаевдин баамында мандай баш кошуунун эң негизги жыйынтыгы - коомдук пикирди өзгөртүү, коомдук аракетти мобилизациялоо, бүгүнкү бийлик жүргүзүп жаткан саясатка баа берүү болушу керек. “Бийлик үчүн негизги максат - элдин ишеничи болушу керек. Эгер эл ишенбесе, бийликтин кылган ишинин, айткан сөзүнүн күчү жок. Алардын алдына койгон максаты ишке ашпайт, ” - дейт Ө.Текебаев. Ал ошондой эле элдик курултай элдин пикири менен эсептешкенге, элдин коомдук күч катары таанылышына шарт түзөөрүнө ишенээрин белгиледи. Оппозициялык күчтөр октябрь айынын соңунда үчүнчү элдик курултай өткөрө тургандыгын маалымдашкан.(SM)

XS
SM
MD
LG