Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

11:10 Депутаттар авиакырсыктын себептерин иликтөө боюнча өкмөт башчынын маалымат берүүсүн талап кылышууда


Бул тууралуу “Ак жол” фракциясынын бүгүнкү жыйынында сөз болуп, натыйжада авиакырсыктын себептерин иликтөө боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын башчысы, премьер-министр Игорь Чудиновдун маалыматын угуу боюнча чечим кабыл алынды. Ага ылайык, иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу өкмөт башчы парламентке ушул бейшемби же жума күнү маалымат бериши күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ак жол” фракциясынан билдиришти. 24-августтун кечинде Бишкек-Тегеран багыты боюнча сапар алган “Боинг-737” учагы “Манас” аба майданынан көтөрүлгөндөн көп өтпөй, баш калаага жакын жердеги Жаңы-Жер айылынын аймагына конууга аргасыз болуп, жерге түшкөн соң күйүп кеткен эле. Бул кырсыктан учактагы 90 адамдын 65и курман болгон.(SM)

XS
SM
MD
LG