Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:16

17:45 Жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго саясий-партиялардын кызыгуусу аз болууда

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоонун даярдыгы менен таанышты. Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясы турган имаратты оңдоого каражат бөлүп берээрин билдирди. Эртең түшкө жуук депутаттыкка талапкерлердин арыздарын кабыл алуу мөөнөтү аяктайт. Бүгүнкү күнгө карата район-шаар депуттыгына 342 адам көрсөтүлүп, алардын 91 расмий катталды. Талапкерлерди сунуш кылууда саясий партиялар жайбаракаттыгын көрсөтүүдө. Коммунисттик партиянын атынан гана 4 талапкер чыгып, калган талапкерлер өздөрүн өздөрү көрсөтүштү. Облуста таасирдүү аталган «Ак жол», “Ата Мекен”, “Социал-демократтык”, “Эркиндик”, “Жаңы Кыргызстан» жана башка партиялардан бир да талапкер депутаттыкка сунуш кылынбаганын облустук шайлоо комиссиясы ырастады. (YA)
​
XS
SM
MD
LG